Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
2026-жылдагы ажылык иштерине даярдык башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (Муфтият) ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт.
2026-жылдагы кыргызстандык ажылар үчүн гриппе жана менингитке каршы вакциналарды ата мекендик алып келүүчүлөрдүн арасында
КОНКУРС
Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарында иммунизациялоонун коопсуз практикасы боюнча колдонмого ылайык 15 август 2017 №718
Гриппке каршы жана менингитке каршы вакциналарды ташууда жана сактоодо вакциналарды жеткирүү боюнча конкурстун катышуучулары сактоого милдеттүү болгон атайын талаптар белгиленди
1. Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, товарларды жеткирүү, конкурстун предмети болуп эсептелген жумуштарды кылуу, кызматтарды көрсөтүү боюнча иш кылып жүргөн адамдарга коюлган талаптарга ылайык келүүлөрү керек.
2. Уставдын оригиналынын көчүрмөсүн берүү (негизги ишмердикти аныктоочу документ).
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензия. Фармацевтикалык ишмердик жүргүзүүгө жана медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди (МИД) сатууга укук берүүчү күчүндөгү лицензиянын көчүрмөсү.
4. Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) ыйгарым укуктуу органдары бекиткен Инструкциянын талаптарына ылайык даярдалган вакциналардын техникалык спецификациясы
ГРИППКЕ КАРШЫ ВАКЦИНА
Антигендери аз өлчөмдө болгон, инактивдештирилген грипптик вакцина (штаммга 5-15 мкг).
Коопсуздуктун жана реактогендиктин талаптарына жооп берүүчү, 2026-2027-жж. сезонго Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДССУ) сунуштаган грипптин вирусунун активдүү штаммдарынын болуусу. Шприц-доза 0,5 мл;
Алып келинүүчү вакцина акыркы 3 жылда Кыргыз Республикасында колдонулган жана оң мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш. Колдонууну тастыктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин (КР ССМ ДКМТД) ылайык келүү сертификаты болуусу.
Өндүргөн заводдун авторлошкон каты (оригиналы).
Продукцияда өндүрүлгөн датасы жана жарактуу мөөнөтү көрсөтүлүш керек.
КР ССМ ДКМТДин каттоо күбөлүгү.
МЕНИНГИТКЕ КАРШЫ ВАКЦИНА
Серо групп ACYW135 менингокок полисахарид вакциналары.
Ар бир флакондо адам үчүн бир жолку дозанын 0,5 мл камтыйт. Ар бир вакцинанын дозасы ар бир полисахарид ACYW135 менингококок топтун 50 мкг камтыйт.
Ар бир флакон 1 мг. Бир флакон лиофилирленген вакцина үчүн (0,5 мл) аралаштыруучусу менен.
Продукцияда өндүрүлгөн датасы жана жарактуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
Алып келинүүчү вакцина акыркы 3 жылда Кыргыз Республикасында колдонулган жана оң мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш. Колдонууну тастыктоо үчүн КР ССМ ДКМТД ылайык келүү сертификаты болуусу.
Продукцияда өндүрүлгөн датасы жана жарактуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
КР ССМ ДКМТД каттоо күбөлүгүнүн болуусу.
Өндүргөн заводдун авторлошкон каты (оригиналы).
Жеткирүүчү вакциналарды сатып алуучу көрсөткөн пункттарга жеткирип берүүнү камсыз кылат. Вакциналар, препараттын күн нурларынан, нымдан, көгөрүп кетүүдөн, кемирүүчүлөрдөн ж.б. сакталуусун камсыз кылуучу жабык имараттарда (+2 ден +8 чейинки градус) температурасында сакталууга тийиш. Акыркы айтылган пунктка ташып жеткирүү термоконтейнерлерде жүргүзүлөт жана сууктук чынжыры (+2 ден +8) градуска чейинки температуралык режимде кармалып турууга тийиш.
Вакцинаны жеткирүү мөөнөтү келишим кол коюлгандан тартып 30 күндүн ичинде жеткирилип берилүүгө тийиш.
• Вакциналарды жана дары-дармектерди жеткирүү боюнча (акыркы 3 жылда) конкурстук арыздын суммасынан кем эмес өлчөмдө, эки окшош келишимди аткаруу тажрыйбасы болуу.
• Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасындагы бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга тийиш. Социалдык фонддун аныктамасынын оригиналынын сканирленген көчүрмөсүн жана Салык Кызматынан карызы жоктугу тууралуу маалыматты берилиши керек.
• Чыгашасыз ишмердигинин далили катары, акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү.
• Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу (Кыргыз Республикасынын ИИМнин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат).
• Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча конкурстун мүчөсү же башкалардын тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат).
• Таза эмес жеткирүүчүлөр реестринде конкурска катышуучулар жөнүндө маалыматтардын болбоосу (жетекчинин уюмдун бланкына коюлган каты аркылуу тастыкталат).
_______________________________________________
Конкурс среди отечественных поставщиков на поставку противогриппозных и противоменингитовых вакцин для паломников кыргызстана на 2026 год
В соответствии с Руководством по безопасной практике иммунизации в организациях здравоохранения Кыргызской Республики, утвержденного приказом Министерства здравоохранения Кыргызской Республики от 15 августа 2017 года № 718
Установлены специальные требования, которые обязательны для соблюдения участниками конкурса по поставке вакцин при транспортировке и хранению противогриппозных и противоменингитовых вакцин
1. Участники конкурса должны соответствовать требованиям, предъявляемым к лицам, осуществляющим деятельность по поставке товаров, выполнению работ, оказанию услуг, являющихся предметом конкурса, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.
2. Предоставление копии оригинала устава (документа, определяющего основную деятельность).
3. Лицензия, выданная уполномоченным государственным органом. Копия действующей лицензии на право осуществления фармацевтической деятельности и реализации медицинских иммунобиологических препаратов (МИБП).
4. Технические характеристики вакцин, изготовленных в соответствии с требованиями Инструкции, утвержденной уполномоченными органами Королевства Саудовская Аравия (КСА)
ВАКЦИНА ПРОТИВ ГРИППА
Инактивированная вакцина против гриппа с небольшим количеством антигенов (5-15 мкг на штамм).
Соответствие требованиям безопасности и реактогенности, наличие активных штаммов вируса гриппа, рекомендованных Всемирной организацией здравоохранения (ВОЗ) на сезон 2026-2027 гг.
Форма выпуска: Шприц-доза 0,5 мл;
Ввозимая вакцина должна применяться в Кыргызской Республике в течение последних 3 лет и иметь положительные характеристики. Наличие сертификата соответствия Департамента лекарственного обеспечения и медицинской техники при министерстве здравоохранения Кыргызской Республики (ДЛО и МТ при МЗ КР) для подтверждения применения.
Авторское письмо (оригинал) завода-изготовителя.
На продукте должна быть указана дата изготовления и срок годности.
Свидетельство о регистрации ДЛО и МТ при МЗ КР.
МЕНИНГОКОККОВАЯ ВАКЦИНА
Менингококковые полисахаридные вакцины серогруппы ACYW135.
Каждый флакон содержит 0,5 мл разовой дозы для человека. Каждая доза вакцины содержит 50 мкг каждого полисахарида ACYW135 менингококковой группы.
Каждый флакон по 1 мг. Один флакон для лиофилизированной вакцины (0,5 мл) с миксером.
На продукте должна быть указана дата производства и срок годности.
Ввозимая вакцина должна применяться в Кыргызской Республике в течение последних 3 лет и иметь положительные характеристики. Наличие сертификата соответствия ДЛО и МТ при МЗ КР для подтверждения применения.
На продукте должна быть указана дата производства и срок годности.
Наличие регистрационного свидетельства ДЛО и МТ при МЗ КР.
Авторское письмо (оригинал) завода-изготовителя.
Поставщик обеспечивает доставку вакцин в пункты назначения, указанные покупателем. Вакцины должны быть защищены от воздействия солнечного света, влаги, плесени, грызунов и т. д. хранить в закрытых помещениях при температуре (от+2 до +8 градусов), обеспечивающей сохранность.
Транспортировка до последнего упомянутого пункта осуществляется в термоконтейнерах и должна поддерживаться при температурном режиме от+2 до +8 градусов.
Срок поставки вакцины. Вакцина должна быть доставлена в течение 30 дней с момента подписания контракта.
• Иметь опыт выполнения двух аналогичных контрактов на поставку вакцин и медикаментов (за последние 3 года) в размере не менее суммы указанной в конкурсной заявке.
• Участники конкурса должны выполнить свои обязательства по уплате всех обязательных платежей в Кыргызской Республике. Необходимо предоставить отсканированную копию оригинала определения социального фонда и информацию об отсутствии задолженности перед налоговой службой.
• Предоставление отсканированной копии оригинала бухгалтерского баланса со всеми приложениями, заверенного представительным органом за последние три года, в качестве доказательства безубыточной деятельности.
• Отсутствие у участника конкурса судимости по экономическим преступлениям (подтверждается письменной информацией МВД Кыргызской Республики).
• Отсутствие конфликта интересов между участником конкурса и заказчиком. То есть отсутствие родственных отношений со стороны руководителя клиента, участника конкурса по проведению конкурса или других лиц (подтверждается письмом, подписанным руководителем на бланке организации).
• Отсутствие сведений в реестре недобросовестных поставщиков об участниках конкурса (подтверждается письмом руководителя на бланке организации).
Конкурс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.
Бишкек ш, Жибек-Жолу көчөсү, 264/3. Муфтияттын жаңы кеңсеси.
Конкурс өтө турган күн: 22-октябрь, 2025-ж. Саат 10:00
Жайы: Муфтияттын жыйындар залы.
Документтерди кабыл алуу: 2025-жылдын 22-сентябрынан 20-октябрь, саат 17:00гө чейин.
• Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.
КМДБнын ажылык бөлүмү
Байланыш тел: 0778 48 61 67/0708486167
Е-почта: muftiyat.hajj@mail.ru