Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 17.09.2025
  • |

Ажылык-2026: Сауд Араб Падышалыгынын зыяратчыларга койгон медициналык талаптары

2026-жылы ажылык мезгилинде Сауд Араб Падышалыгына ажылык амалдарын аткарууга келүүчү жарандар үчүн медициналык шарттар жана көрсөтмөлөр берилди.

Сауд Араб Падышалыгынын ажылык министрлиги ажылардын минималдуу физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карама-каршы келген оорулардан, анын ичинде зыяратчылардын ажылык амалдарын аткарууга көп тоскоолдук кылган дарттардан таза болушун талап кылат.

* Гемодиализ алып жаткан бейтаптар.

* Минималдуу кыймыл-аракетке тоскоол кылуучу жүрөк ооруулары (прогрессирующая сердечная недостаточность).

* Кычкылтек маскасын мезгил-мезгили менен же туруктуу колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорулары.

* Боордун прогрессивдүү цирроз оорусу менен ооруган бейтаптар.

* Аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык оорулар, ошондой эле өз алдынча кыймыл-аракет жасоого (отурууга, турууга, басууга) тоскол болгон таяныч-кыймыл аппаратынын оор оорулары.

*Кем акылдуулук менен коштолгон карылык курагы.

* Жугуштуу инфекциялык оорулар (мисалы; ачык өпкө кургак учугу ж.б.у.с. оорулар).

* Химиотерапия алып жаткан рак ооруусунун бейтаптары.

* Кооптуулук коштолгон кош бойлуулар.

Эскертүү: Эгерде кошумча мед.талаптар келсе, маалымдайбыз!