Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Эч өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө тобокел кыл жана Аны мактоо менен аруула» (Фуркан, 58).
Общество | 12.01.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Алтай Республикасынын муфтийи менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Орусия Федерациясынын курамындагы Алтай Республикасынын муфтийи Жанболат ажы Охтаубаевди кабыл алды. Эки тараптуу жолугушуу жылуу, достук жана бир туугандык маанайда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алтай Республикасынын Муфтийи Алтай жергесинин мусулмандарынын атынан салам айтып, жолугуу боюнча өтүнүчтү дароо кабыл алып, жылуу маанайда кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Алтайдагы мусулмандардын абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө Алтай Республикасында мусулмандардын саны өсүп жатканын, ислам динине болгон кызыгуу жылдан-жылга артып жатканын белгиледи. Ошондой эле бул багытта Кыргызстандын Муфтияты менен Алтай Республикасынын Муфтиятынын ортосунда кызматташтыкты чыңдоону сунуштады.

Мындан тышкары, Алтай Республикасынын Муфтийи КМДБ тарабынан жүргүзүлүп жаткан диний, агартуу жана уюштуруучулук иштерди жогору баалап, тажрыйба жана билим алмашуу эки тарап үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ошону менен катар келе жаткан ыйык Рамазан айында Кыргызстандан үч карыны чакырып, таравих намаздарында хатм өтүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Ошондой эле алтайлык мусулмандардын жаш муундарын диний окуу жайларда окутуу маселесинде колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи сөз сүйлөп, Алтай Республикасында диний чөйрөнүн өнүгүп жатканын белгилеп, Алтай дин башкармалыгына ыраазычылык айтты. Бул көрүнүш бүткүл үммөт үчүн кубанычтуу экенин белгилөө менен, эки тараптуу кызматташууга толук даяр экенин айтып, билим берүү, кадр даярдоо жана тажрыйба алмашуу багытында биргелешкен иштерди жүргүзүүгө ачык экенин билдирди.