Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Бүгүн, 26-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына иш сапары менен барып, жума намазын борбордук «Ырыс» мечитинде окуду.
Калаа тургундары менен өткөн жолугушууда Азирети Муфтий ынтымак-ырашкерлик, биримдик, мекенчилдик, адеп-ахлак жана коомдук тилектештик боюнча баяндама жасады.
«Урматтуу мусулман бир туугандар! Биз азыр маарек болгон күндөрдө турабыз. Ушул учурду туура пайдаланып, өзүбүздү көбүрөөк ибадатка, адеп-ахлакка жана коомдук тилектештикке арнасак. Азыр кыш мезгили. Колу жука жана аз камсыз жарандарыбыз оор абалда. Аларды сурап, көңүлүн көтөрүп, акчалай, азык-түлүк түрүндө же көмүр түшүрүппү, айтор колдон келген көмөгүбүздү көрсөтүп, динибиздеги бир туугандыкты жана наркыбыздагы социалдык каралашууну кылсак. «Кимде-ким бир момундун дүйнөдөгү кайгы-капасын жойсо, Алла Таала да Кыямат күнү анын кайгы-капасын жоёт. Кимде-ким кыйынчылыкка кириптер болгон бирөөгө жардам берсе, Алла да ага дүйнө жана акыретте жардам берет», – дейт улуу жол башчыбыз. Бирок башка мусулманга жеңилдик кылмак түгүл оорчулук жаратып, азык-түлүк же товарын болуп көрбөгөндөй кымбаттатып, базар баасын ойнотуп, айтор өзүн гана ойлогон кызыл кулактар жок эмес. Оор кездерде акча үстүнө акча жасап, товарын болуп көргөндөй кымбаттаткан айрымдар акыретти да ойлой жүрүшсө. Бул дүйнөдөгү гана пайданы ойлоп, бирок акыреттеги пайдадан кур калышпаса...», – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
КМДБ жетекчиси учурда өлкөдөгү бардык жума мечиттерде “Соода-сатыкта бааны кескин көтөрүүнүн кесепети” тууралуу баяндамалар жасалып, соодада адамгериликти жана адеп-ахлакты сактоо боюнча чакырыктар жасалганын кошумчалады.