«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Бүгүн, 12-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин студенттери менен жолугушуу өттү. Радикализм жана экстремизмдин алдын алуу жолдору тууралуу маалыматтык-түшүндүрүүгө багытталган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдар жана бул уюмдардын өз катарына тартуу жолдуру тууралуу кеӊири маалымат берилди.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров экстремисттик уюмдардын материалдарын колдонуу жана социалдык тармактарда колдоо (жайылтуу) кооптуу экенин, ошондой эле мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла тургандыгын билдирип, диний маалыматтарды тастыкталган расмий булактардан гана алуу зарылдыгын баса белгилеп өттү.
«Ислам дини адамзатты бактылуулукка жетелейт. Улуу динди туура түшүнгөн жана туура жашаган адамдын эки дүйнөсү тең тынч болот. Бирок бурмаланган, жаңылыш маалымат аркылуу дин үйрөнгөн болсо, анда эки дүйнөдө тең жабыркап калат. Бүгүнкү күндө аруу, таза, салттуу динибизди бурмалап, аны жаштар арасында жайылткан топтор бар. Биз алардын тузагына түшпөй, ишенимдүү булактардан гана диний маалымат алышыбыз зарыл», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.