Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 10-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Өзгөн шаарында Ош мамлекеттик университети тарабынан өткөрүлгөн эл аралык «Сарахсий» симпозиумуна катышты.
Симпозиум мамлекеттик гимн менен башталып, андан соң Куран окуп дуба кылуу менен коштолду.
Алгач КР Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин жетекчиси Азамат Юсупов, андан соң Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ачылыш сөзгө чыгышты.
Ошондой эле, Ош мамлекеттик университети жана Түркиянын Памуккале университетинин жетекчилери да сөз сүйлөштү.
Симпозиумдун жүрүшүндө ОшМУнун профессорлору жана Түркия өлкөсүнөн келген профессор баяндамачылар тарабынан Имам Сарахсий тууралуу докладдар окулду.