Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
Общество | 19.03.2026
  • |

Азирети Муфтийдин Орозо айттык куттуктоосу

Урматтуу момун-мусулман бир туугандарым, ардактуу мекендештерим!
Сиздерди жаңырып кирип келе жаткан ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Алла Таалам насип кылып, улуу айтка жеткиргени үчүн сансыз-санаксыз шүгүрлөрдү келтирдик. Эртеңки айт намазын борборубузда эски аянтта, ал эми жер-жерлерде жума мечиттерибизде окууга белсенип олтурабыз. Мындай мүмкүнчүлүк жаратып бергени үчүн оболу Жаратканга, андан соң сунушубузду жылуу кабыл алып, аянтта намаз окууга уруксат берген журт башчыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу момундар! Ардактуу Бишкек шаарынын жашоочулары! Алыс-жакындан келген кадырлуу коноктор! Эртең айт таңы жарыгын чачканда, жакшылап даарат алып, багымдат окууга мечиттерге аттаналы. Таң намаздан соң Турдакун Усубалиев атындагы аянтка, тагырагы эски аянтка айт намазын окумакка агылалы. Аянтта Куран угуп жүрөктү тынчтантып, көкүрөктү тазартып, баян угуп, руханиятты байыталы. Андан соң баарыбыз кылкылдап бир сапка туруп, ачык асман алдында айт намазыбызды окуйлу. Намаздан соң эл-журтубуздун биримдиги, Мекенибиздин бүтүндүгү, үммөттүн амандыгы, дүйнөнүн тынчтыгы үчүн дуба кылалы. Айт күнү ынтымагыбызды бекемдеп, бир туугандыгыбызды даңазалап, айтор майрамды эң жогорку деңгээлде өткөрүп алалы.

Кадырлуу мусулман бир туугандарым! Ардактуу мекендештерим!

Ыйык орозо айы исламдагы ыйык кош майрамдын бири. Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Демек орозо айт бизге Алла Тааладан белек кылынган майрам.

Бир жагынан орозонун кылчайып узап баратканына ичибиз ачышса, экинчи жагынан айт майрамы кайрадан көңүлдөрдү куунак кылып, ууртубузга жылмаюу, жүрөгүбүзгө бейпилдик тартуулайт.

Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын ырайымын жана кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай болуп берди. Орозо – бул адептин күчтөнүшүнө, ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошкон ибадат. Берекелүү орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге руханиятыбызды көркүнө чыгарат.

Кечээ эле зор толкундануу менен орозону тосуп алдык эле, көз ачып-жумганча орозо аяктап, муңайып узатып олтурабыз. Бир ай бою ибадат кылып, орозо кармап, Алланын ыраазычылыгын издедик. Ар бирибиз Рамазан деген мугалимден көптөгөн сабактарды алып, эми аны жашообузда практикалоо алдында турабыз. Бул ыйык айда ач кадырын билдик, муктаждын абалын сездик. Рамазан айында жаман айтуудан, жалган-ушактан жана ар кандай жаман адаттардан арылдык. Мындан ары жаныбызда жан жолдош болуп жакшы адаттар гана калсын.

Бизди жараткан Алла Таала бизди бизден жакшы билет эмеспи. Улуу Зат бизге эмне пайдалуу да, эмне зыяндуу, абдан жакшы билгендиктен, Анын айткандарына кулак төшөп, өкүм-буйруктарына баш иели. Алланын айткандарын аткарсак Анын ыраазылыгын таап, басканыбыз, сүйлөгөнүбүз, атүгүл уйкубуз да ибадат болуп калмак...

Ислам дининдеги кош айт майрам – улуу-кичи, бай-кедей дебестен баарын кучактайт. Айт майрамдары Жараткан Алла үчүн бүт момундарды сүйүүгө, аяр мамиле кылууга жана кам көрүүгө түрткү берет. Орозо айт – Рамазандын кадырын толук билип, ибадат менен өткөргөн момундарга Жараткандын көрсөткөн сыйы, белеги жана жакшылыгы. Айт майрамдардын маңызын канчалык терең түшүнүп, татыктуу өткөрсөк, Исламды талаптагыдай жашай аларыбыз шексиз. Андыктан, айт күндөрү жана жыл бою өзүбүздү-өзүбүз эсеп-кысап кылып, кылган амалдарыбызды таразалайлы. Жакындарыбызга айттап барып, белек-бечкек берип, мусулмандык мухаббатты күчөтөлү. Айт күндөрү санаага батып, ооруган көңүлдөргө дабаа бололу. Бейтаптарды зыярат кылып көңүлүн алалы. Мына ушундайча айт майрамы баарыбызды кубанычка жана шаттыкка бөлөйт.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчилдиктерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды өз даргөйүндө кабыл кылсын. Дүйнөгө, үммөткө, мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө кубаныч, сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн.

Эгем Таалам эки дүйнө бактылуулугун ар бир момун кулуна насип кылсын! Рамазандын күндүзүн орозо, түнкүсүн намаз менен өткөрүүнү насип кылганы үчүн Ага сансыз-санаксыз шүгүрлөрдү айтып, Андан эки дүйнөнүн жакшылыктарын сурайлы. Эли-журтубузга береке-пейиз, Мекенибизге тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү тилейли.

Узап бараткан Рамазан маарек, эртеңи орозо айтыңыздар маарек болсун!

Терең урматтоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров