«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Общество | 21.01.2026
  • |

Азирети Муфтийдин орун басары муфтияттын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүн зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев менен жолугуп, диний окуу жайлардагы билим берүү багытын талкуулашты.

Жолугушууда Шүкүр ажы Исмаилов диний окуу жайларда муфтият тарабынан бекитилген предметтик стандарт жана жалпы эле Ош шаарындагы диний билим берүү багытына токтолду.

«Биз буга чейин Ош шаарындагы диний окуу жайлар менен жеринде таанышып, предметтик стандарт боюнча кенен түшүндүрмө бергенбиз. Ошентсе да кемчиликтер болбошу үчүн сиздер тараптан дагы текшерүүлөр болуп турса. Тиешелүү мамлекеттик мыйзамдарга жана Уставга ылайык иш алып баралы. Диний окуу жайларда жана мечиттерде мүмкүн болушунча жеңилдик менен диний билим берүүгө аракет кылалы», – деди Шүкүр ажы Исмаилов.