Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 26.07.2025
  • |

Азирети Муфтий Ак-Талаа районуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 26-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусунун Ак-Талаа районуна иш сапары менен барып, имамдарга жыйын өткөрдү. Аймактардагы диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, хатибияттардан кабар алууга багытталган жыйындын алкагында КМДБ жетекчиси райондук баш имам-хатиби Каныбек Айбек уулу ишмердүүлүгү жана райондогу диний абал боюнча маалыматтык-отчётун укту.

Ак-Талаа районунун борбордук «Абубакр ас-Сыддык» жума мечитинде өткөн жыйында Азирети Муфтий имамдар менен бет маңдай отуруп, сунуш-пикирлерин угуп, зыярат кылуу максатында келгенин баса белгиледи:

«Урматтуу имам дамлалар! Ушул кезге чейин элибизге, динибизге ак кызмат кылып келе жатасыздар. Муну жокко чыгарбайбыз жана дайыма эсибизде. Бирок азыр доор саат сайын өзгөрүүдө. Коомдо динибизге жана салтыбызга туура келбеген түрдүү идеологиялык жел аргы жүрүп жатат. Интернет мейкиндигинде чыпкаланбаган түрдүү-түрдүү информациялар кезип жүрөт. Санариптик кылымда шойкомдуу нерселер смартфонубузга көз ирмемде жетип келүүдө. Элге руханий кызмат кылуучулар бул – бизбиз. Андыктан пайгамбар аманатына бекем болуп, улуу динибизге ак дил менен иштеп берели», – деди Азирети Муфтий.  

КМДБ жетекчиси элдин диний муктаждыгын чечүү имамдын милдети экенин, «Алланын үйү» эсептелген мечиттерге киши кирбей, сажда кылынбай, кар жана кор болбошу керектигин эскертип өттү. 

Иш-чарада КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов жума жана шам баяндары, имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний насыйкаттын форматтары боюнча маалымат берди.

Жыйында муфтияттын 18 ай ичинде аткарган иштери боюнча видеоролик жана мекеменин «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан диний үгүтчүлөргө Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Аймактагы имамдар менен жолугушууга багытталган иш-чаранын 2-бөлүгүндө муктаж диний кызматкерлерге жана жергиликтүү бийликтен тизмеси алынган бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалды.

Иш-чара жыйынтыкталган соң Азирети Муфтий хатибият менен таанышып, ак батасын берди.