Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 26.07.2025
  • |

Азирети Муфтий Ат-Башы хатибиятынын курулушу менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ат-Башы районуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңыдан курулуп жаткан Ат-Башы райондук хатибиятынын имаратынын курулушунан кабар алды.

Райондун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров имаратты Азирети Муфтийге тааныштырып жатып 2 кабаттан турган диний объектинин курулушун жергиликтүү демөөрчүлөр колдоого алганын белгилеп өттү.

КМДБ жетекчиси хатибият кеңсесинин ыкчам жана жеңил бүтүп, Ат-Башыда диний ишмердүүлүктүн күчтөнүп, ислам маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуусуна тилектештик билдирип, курулушка салым кошкон бардык инсандарга дубасын берди. 

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапарынын алкагында Нарын облусунда жүрөт.