Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 22.07.2025
  • |

Азирети Муфтий чек арачы жоокерлерден кабар алды

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында чек ара бекеттерине барып, аскерлер менен амандашып, чек арада зым тартып жаткан жоокерлерге моралдык колдоо көрсөттү. Жоокерлер менен жолугушуу саамалыгына КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактагы өкүлү Чагылган Юсупов, Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыяттын эмгек жамааты жана чек арачы жоокерлер катышты.

Жолугушууда Мекенди коргоонун пазилеттерине учкай токтолгон Азирети Муфтий буларды билдирди:

«Исламиятта ибадат деген улуу түшүнүк бар. Ибадат десе эле намаз жана орозо менен чектөө туура эмес болуп калат. Ибадат – бул Аллага татыктуу кул болуу. Анын катарында ата-энеге жакшы мамиле кылуу, адал кесип тандоо, үй-бүлөнү коргоо сыяктуу турмуштук зарылдыктарда да ибадат бар. Алардын катарында Мекенди коргоо дагы ибадат. Шариятта Мекенди сүйүүнүн, Мекенге кызмат кылуунун, Мекенди сактоонун орду бар».

КМДБ жетекчиси Мекен сакчылары менен жолугушуусунун алкагында чек арада зым тартып жаткан жоокерлер менен жеринде жолугушуп, аларга жалпы Кыргызстан мусулмандарынын атынан ыраазычылык билдирип, дубасын берди.

Жолугушуунун соңунда чек арачы жоокерлерге муфтияттын сый тамагы уюштурулду.