Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын району жана шаарынын имамдары менен жолугушту. Райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуунун жүрүшүндө КМДБ жетекчиси район-шаардын баш имам-хатиби Рустам ажы Чыровдун ишмердүүлүгү жана райондогу диний абал боюнча маалыматтык-отчётун укту.
Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтий салттуу ислам болгон матуридилик-ханафиликти сактоо, үй-бүлө баалуулуктарын коргоо, зордук-зомбулуктарга каршы агартуу иштерин колго алуу, ысырапкорчулукка каршы иш-аракеттер ж.б. боюнча доклад жасады. Ошондой эле КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми боюнча маалымат берип, анын алкагында аткарылган демилгелер жана мерчемге ылайык бекитилген жарым жылдык иш-план менен тааныштырды.
«Жер-жерлердеги имамдарыбызды зыярат кылып, амандашып, пикирлешели деген максат менен бүт райондорду кыдырып жүрөбүз. Максатыбыз диний кызматкерлердин абалын билүү, сунуш-пикирин угуу, муң-зары болсо бөлүшүү, көйгөйлөрү болсо чечүү болуп саналат. Биз, диний кызматкерлер, ийри олтуруп түз кеңешели, канткенде диний агартууну күчтөндүрөбүз, мына ушуну талкуулоо үчүн келип олтурабыз. Анткени жүгүбүз оор, ишибиз жоопкерчиликтүү. Имамчылык пайгамбардан калган ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип», – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
КМДБ жетекчиси имам коомдо, айыл-шаарда локоматив болушу керектигин, ишеним артылып имамдык берилген соң аманатка бекем болушу зарылдыгын, кийим-кече, кебете-кепширге маани берип, мечитти таза кармап, абад кылуу талап кылынарын айтты.
Иш-чарада КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний баяндын форматтары боюнча маалымат берди.
Саамалыкта муфтияттын 1,5 жыл ичинде аткарган иштери боюнча видеоролик жана мекеменин «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган «Кудайы конок» жана «Айырмабыз болсун» аттуу таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан диний үгүтчүлөргө Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Салтка айлангандай, иш-чаранын 2-бөлүгүндө муктаж диний кызматкерлерге жана жергиликтүү бийликтен тизмеси такталган бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалды.
Айта кетсек, жыйналышка КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов, Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик ажы Молдокулов баштаган казыят жамааты, имам-хатибдер жана район-шаардагы активдүү үгүтчүлөр катышты.