Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Катардын борбору Доха шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө дүйнөгө белгилүү кары, атактуу кыраат имамы, шейх Абдул Рашид Али Суфий менен жолугушту.
Белгилей кетсек, Катар мамлекетинин ордо калаасы Дохада Кыргызстан, Босния, Македония, Болгария, Албания ж.б. өлкөлөрүнүн Азирети Муфтийлеринин катышуусунда кеңешме өтүп, ага Кыргызстандын атынан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров чакырылган. Саамалыкта ислам мурасын сактоо, үммөттүн биримдиги, элдер ортосундагы ынтымак, континенттер аралык момундардын алака-катышын жакшыртуу, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана вакф маселелери талкууланды.
Достук иш-чарасынан соң Катар эмири Тамим ибн Хамад Аль Танинин атайын Азирети Муфтийлерге арналган ифтар кечи уюштурулду.