Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 5-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров расмий иш сапарынын алкагында Талас облусуна барып, Талас райондук мусулмандар хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Иш сапардын алкагында Азирети Муфтийге Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондук хатибияттын абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жакында хатибияттын жаңы имараты курулуп бүтүп, учурда аймактык имамдар үчүн атайын квалификациялык курстар уюштурулган. Хатибият заманбап технологиялар менен жабдылып, дин кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Ошондой эле облус казысы аймактагы бардык имамдар жыл сайын үзгүлтүксүз түрдө ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы боюнча окутулуп турарын белгилеп өттү. Бул курстарда атайын чакыртылган аалымдар сабак өтүп, имамдардын диний билимдерин тереңдетүүгө чоң салым кошууда.
Мындан тышкары, Талас районунун баш имам-хатибинин орун басары Күмүшбек Таласбек уулу 2025-жылга карата бекитилген иш-план тууралуу кеңири маалымат берип, аймактагы имамдардын диний-агартуу жана коомдук ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады.
Ал эми Азирети Муфтий аймактагы дин кызматкерлеринин аракетин жогору баалап, элге ак ниет жана жоопкерчилик менен кызмат кылууну, ыйман, илим жана адептүүлүк аркылуу коомду оң нукка баштоону баса белгиледи.
Айта кетсек, аймактык диний мекеме менен таанышуудан соң муктаж диний кызматкерлерге жана жергиликтүү бийликтен тизмеси алынган бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалып, акчалай жардам таратылды.