Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 23.05.2025
  • |

Азирети Муфтий жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Жалал-Абадда жаңы мечиттердин ачылышына катышат

Бүгүн, 23-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, муфтийдин орун басарлары Самаган ажы Мырзаибраимов жана Талант ажы Темирбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келишти. Делегацияны Жалал-Абад облустук казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад аэропортунан тосуп алды.

Бүгүн диний жетекчилер Жалал-Абад шаарындагы “Аалым Мусулманкул ажы” мечитинин жана Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылындагы “Жумаш уулу Жунус” атындагы жаңы мечиттин ачылыш аземине катышат.

Мечиттердин ачылышы жергиликтүү эл үчүн чоң мааниге ээ болуп, жамааттардын диний билимге жана ибадатка болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Салтанаттуу иш-чараларда муфтий баштаган делегация мечиттердин мааниси жана коомдогу ролу тууралуу сөз сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Бул иш сапар аймактагы диний маданиятты өнүктүрүүгө, коомдук турмушту өнүктүрүүгө жана диний кызматкерлер менен жергиликтүү жамааттардын байланышын чыңдоого багытталды.