Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапары менен барып, райондогу имамдарга багытталган жыйын өткөрдү.
Аймактардагы диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, бетме-бет баарлашууга багытталган жыйындын алкагында КМДБ жетекчиси райондук баш имам-хатиб Болоткан Эсенбековдун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча маалыматтык-отчётун укту.
Жумгал районунун борбордук мечитинде өткөн жыйында Азирети Муфтий имамдар менен бет маңдай отуруп, сунуш-пикирлерин угуп, зыярат кылуу максатында келгенин айтып өттү:
«Биз кээде мечиттерди кыдырып турабыз. Көп учурда имамдарды таба албайбыз. Беш намазга имамдыкка өзүбүз өтүүгө аракет кылалы. Анткени бул сиз менен биздин түздөн-түз милдетибиз. Жоопкерчиликти күчөтүп, динибизге, элибизге ыклас менен кызмат кылалы. Мечит жамааты менен тыгыз байланышта болуп, диний муктаждыктарын чечели. Жума баяндарга чоң даярдык менен чыгалы. Элибиз жума күнү руханий азык алсын. Калайыкка кызмат көрсөтүү жакшырсын, намазга келгендер бир нерсе алып калсын, имам менен жамааттын байланышы бекемделсин деп шам баяндарын айтууну тапшырма бергенбиз. Мунун баары диний агартуу максатында уюштурулууда», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.
Абдулазиз кары Закиров азыркы маалыматтык доордо туура диний маалыматты берүү, элди ар кандай агымдардан сактап калуу жана айыл-шаарды адеп-ахлакка тарбиялоо имамдын милдети экенин билдирди.
Саамалыкта жума жана шам баяндары, имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний насыйкаттын форматтары боюнча маалымат берилип, муфтияттын 18 ай ичинде аткарган иштери боюнча видеоролик жана мекеменин «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан үгүтчүлөргө Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Набиев Адыбек Асанович менен жолугушуп, аймактагы диний абал боюнча пикир алышты.
Аймактагы имамдар менен жолугушууга багытталган саамалыктын 2-бөлүгүндө муктаж диний кызматкерлерге жана жергиликтүү бийликтен тизмеси алынган бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалып, акчалай жардам берилди.
Иш-чара жыйынтыкталган соң Азирети Муфтий хатибият менен таанышып, ак батасын берди.