Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 5-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров иш сапары менен Талас облусуна барып, Талас район-шаарындагы имамдарга жыйын өттү. Аймактардагы диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, бетме-бет баарлашуу жана пикир алышууга багытталган жыйындын алкагында КМДБ жетекчиси райондук хатибияттын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана район-шаардагы диний абал боюнча маалыматтык-отчёт укту.
Баш имам-хатибдин орун басары Күмүшбек Таласбек уулу КМДБ жетекчилигинин суроолоруна жооп берип жатып, учурда Талас район-шаарында 62 мечит бар болсо, анын 41 инде жума окуларын билдирди.
«Ислам динин кыяматка чейин Алла Таала Өзү сакташы жалпыбызга маалым. Улуу Зат өз динин сиз жана биз аркылуу сактайт. Демек, имамдык кызмат илахий озуйпа. Андыктан улуулар жолуна татыктуу болушубуз зарыл. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) калган михрабдын жана минбардын акысын толук берели. Эгер биз бербесек, анда ар кандай адамдар ээлеп калышы табигый көрүнүш. Алардын катарында салттуу эмес агымдардын өкүлдөрү да намазга өтүп кетсе кандай болот? Имамдын эң негизги милдети – намазга өтүү эмеспи. Андыктан жамаатыбыздын күндөлүк беш фарз намазына имамдык кылууга аракет кылалы. Өз ишибизге так болуп, пайгамбар аманатына бекем болуп, жамаатыбыздын жамааттык ибадатына кам көрөлү», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.
Саамалыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Таластагы өкүлү Темирлан Нурадилов «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамы боюнча баалуу маалыматтарды бөлүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жума жана шам баяндары, имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний насыйкаттын форматтары боюнча маалымат берилип, муфтияттын 18 ай ичинде аткарган иштери боюнча видеоролик жана мекеменин «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан диний үгүтчүлөргө Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.