Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапарынын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунда болуп, имамдарга жыйналыш өткөрдү.
Жыйынды облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев ачып, Азирети Муфтийге сөз берди.
КМДБ жетекчиси ысырапкорчулукту токтотуу, үй-бүлө баалуулуктарын коргоо, зордук-зомбулуктарга каршы агартуу иштерин колго алуу, салттуу ислам болгон матуридилик-ханафиликти сактоо, суицидге каршы иш-аракеттер ж.б. боюнча баяндама жасады.
Ошондой эле КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми боюнча маалымат берип, анын алкагында аткарылган демилгелер жана мерчемге ылайык бекитилген 6 айлык иш-план менен тааныштырды.
«Урматтуу руханияттын сакчылары болгон дин кызматкерлери! Сиздер менен амандашып, дартташып, сукпатташып, ийри олтуруп, түз кеңешели деп атайын ат арытып келип олтурабыз. Акыйкатта инсан бул дүйнөгө келгенде кулагына азан айткан – молдо, турмуш курууга аттанганда никесин адалдаган – молдо, о дүйнө сапар тартканда жаназасын окуган – молдо. Демек, момун-мусулмандын жашоосунда молдонун ролу зор. Жарандардын кайсы бир чектелүү ирмемдеринде гана ибадат-ритуалдар менен чектелип калбай, исламий агартуу иштерин күчөтөлү. Анткени ислам жашообуздун бардык бөлүгүн өз кучагына алат. Келмеден баштап ажылыкка, мамиледен баштап адал азыкка чейин кандай маселе болбосун, исламды кызыктырат. Элибиздин диний жоопкерчилиги мойнубузда. Акыретте Алланын алдында жүзүбүз ак болушун кааласак, күчөтүлгөн тартипте иш алып баралы», – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Таластагы өкүлү Темирлан Нурадилов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамы боюнча учкай токтолду.
Саамалыкта муфтияттын 1,5 жыл аралыгында аткарылган иштери жана «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолору көрсөтүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө имамдын этикасы, жүрүм-туруму, таасирдүү баян форматтары, эрте нике маселеси жана нике журналы боюнча лекция окулуп, аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан райондогу үгүт-насаатчыларга муфтияттын Ыраазычылык каттары берилди.