Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан Баткен облустук казыят жана үч райондук хатибияттын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында жалпы төрт кызматтык унаа берилген. Тактап айтканда, алардын үчөө былтыркы жылдын аягында, дагы бирөө ушул жылдын март айында тапшырылган. Бул унаалар Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү кызматтык унаалар болуп, дин кызматкерлеринин жер-жерлердеги ишин жеңилдетүүгө жана калк менен ыкчам байланыш түзүүгө багытталган.
Муфтияттын тапшырмасы менен түзүлгөн атайын комиссия Баткен облусунан баштап, аталган унаалардын техникалык абалын, иш жүзүндө колдонулушун жана тейлөөгө байланышкан документтердин жүргүзүлүшүн текшерип чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматтык унаалар өз максатына ылайык колдонулуп жаткандыгы, айдоочулук тартип жана коопсуздук эрежелерин сактоо маселелери да каралды.
Комиссия мүчөлөрү, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы, ошондой эле райондук хатибият кызматкерлери менен жолугушуп, кызматтык унааларга жоопкерчилик менен мамиле кылуу, өз убагында техникалык кароодон өткөрүү жана жолдо жүрүү тартибин сактоо боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү.
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, кызматтык унаалардын туура пайдаланылышы иштин сапатына оң таасир тийгизип, эл менен байланышты күчөтүүгө, ошондой эле диний жана коомдук иш-чараларды өз убагында уюштурууга өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.
КМДБ тарабынан уюштурулган бул текшерүүнүн негизги максаты — кызматтык унаалардын туура багытта, элге жана дин кызматкерлери жүргүзгөн диний, агартуу иштерине пайдаланышын камсыз кылуу. Ошондой эле, мындай иш-чаралар республика боюнча башка облустарда да улантылып, берилген кызматтык унаалардын баары көзөмөлдөн өтөт.
Айта кетсек, облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун демилгеси менен казыяттын короосуна кызматтык унаалар үчүн атайын үстү жабылган унаа коюуучу жай курулганы көңүл бурдурду. Комиссия бул демилгени унаалар үчүн болгон камкордук экенин белгилеп, башка региондорго да үлгүлүү иш болгонун айтып өтүштү.