Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун Баткен облусунун Баткен районуна болгон иш сапарынын алкагында муктаж диний кызматкерлерге жана бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалды.
Кайрымдуулукту өз дарегине жеткирүүгө багытталган иш-чара Баткен шаарындагы «Нуъмани» жума мечитинде уюштурулду.
Алдын ала такталган тизме боюнча исламиятка кызмат кылган аз камсыз диний кызматкерлерге жана шаар-райондогу муктаж жарандарга акчалай жардам көрсөтүлдү.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи социалдык жактан аз камсыз диний кызматкерлерге көңүл буруларын, келечекте имамдардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган олуттуу пландар бар экенин, анын механизмдерине кыскача токтолуп, имамдарды айлык акы менен камсыздоо Муфтияттын алдыдагы эң негизги мүдөөлөрүнүн бири экенин билдирди.
Билдире кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров учурда райондорду кыдырууга багытталган иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт.