Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 5-август күнү Баткен шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) жана «Айыл Банк» ААК Ислам терезеси тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Иш-чарада ханафи мазхабын бекемдөө, радикализмдин алдын алуу, фатва бөлүмүнүн алдындагы колл-центр кызматынын ишмердигин күчөтүү, коомчулуктун финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана ислам банкинг системасы аркылуу соода-сатык мамилелерин шарият негизинде туура жүргүзүү талкууланды.
Мындай аракеттер өлкөдөгү диний лидерлердин жана каржы мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, элге ислам дининин каржы маселелерине болгон мамилесин туура жана так түшүндүрүп берүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
Семинарда КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле «Айыл Банк» ААК Ислам терезесинин жана Шарият кеңешинин төрагасы Жоробай ажы Шергазиев жана Ислам терезесинин директору Санжар Бапа уулу катышуучуларга кеңири маалымат берип өттү. Аны менен бирге, Шарият кеңешинин мүчөлөрү Ниматулла ажы Жээнбеков, Акматжан Жумадыл да билимдери менен бөлүшүп, семинардын мазмунун арттырды.
Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттарда презентациялар жасалды:
Ислам банкинги деген эмне? Ислам терезеси аркылуу кызмат көрсөтүүнүн принциптери, анын шариятка ылайык келүүсү.
Риба (пайыз) маселеси: Исламда тыюу салынган пайыз түшүнүгү жана анын коомго тийгизген зыяны тууралуу.
Мурабаха, музараба жана башка ислам каржы инструменттери: Соода келишимдеринин шариятка ылайык жүргүзүлүшү жана бул ыкманын күнүмдүк жашоодогу колдонулушу.
Мындан сырткары финансылык сабаттуулук акча менен иштөө маданиятын жакшыртуу, шариятка каршы келбеген каржылык чечимдерди кабыл алуунун жолдору.
Радикализмдин алдын алуу: Финансылык билимин арттырган, шариятка туура келген жол менен жашоого үйрөнгөн адам радикалдык агымдарга кошулуу коркунучунан алыс болору белгиленди.
Семинардын жүрүшү лекция жана интерактивдүү суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча адистерден түз жооп алышты.
Иш-чарага Баткен облусунун ар кайсы район жана шаарларынан 50 имам катышты. Бул диний лидерлер өз жергиликтүү жамааттарында эл менен тыгыз иш алып барышары белгилүү. Ошондуктан семинарда алынган билимдерди коомчулукка жеткирип, өз айыл-кыштактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.
Бул сыяктуу окутуулар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп жатат. Айрыкча, аймактарда диний жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу коомдогу туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө салым кошулат. Диний билим менен каржы жаатындагы түшүнүктөр айкалышып, коомдо туура түшүнүк калыптанат.
Жоробай ажы Шергазиев өз сөзүндө мындай семинарлар уланып, ар түрдүү катмардагы жарандарга жеткиликтүү болушу керектигин белгилеп өттү. Ошондой эле ал Ислам банкинги – заманбап финансылык системалардын альтернативасы катары коомдо туура жана ислам принциптерин орнотууга багытталганын айтты.
Семинардын соңунда катышуучуларга окууга катышкандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.