"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 13.04.2026
  • |

Бишкек: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров болочок ажыларга сабак өттү

Бүгүн, 13-апрель күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахси» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ордо калаадан ыйык сапарга даярданып жаткан зыяратчыларга сабак өтүп, ажылык амалдары боюнча маалымат берди.

«Ажылыкка Алла Таала чакырган бактылуу момундар гана «лаббайк, оо Раббим!» деп аттанат экен. Сиздер жалпы элибиздин ичинен тандалдыңыздар. Буга чейинки документтик иштер соңуна чыгып, зор толкундануу менен ыйык сапарды күтүп жатасыздар. Азыркы тапта аалымдарыбыз сиздерге сабактарды өтүүдө. Сабактарда ажылык амалдарын; фарздарын, ваажибдерин, сүннөт жана мустахабдарын жакшылап үйрөнүп, ибадаттарды аткаруу тартибин мыктылап өздөштүрүңүздөр. Ажылык боюнча ажы башчыңыздардан, ага кошумча биздин расмий имам-дамлалардан сурап-билип, терең маалыматка ээ болуңуздар, анткени бир өмүрдө бир жолу парз болгон ажылыкты кемчилдиксиз аткарууга тырышуу зарыл», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Сабакты ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев улантып, зыяраттын жалпы тартиби жана эрежелери боюнча маалымат берип, болочок ажылардын суроолоруна жооп берди. Жолдошбек ажы Абдылдаев өз сөзүндө тартипке жана ажы башчыларга баш ийүү – машакаттуу сапарды биртоп жеңилдетерин кошумчалады.

Болочок ажылар менен жолугушууда Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мухаммад ажы Аноркулов жана Азирети Муфтийдин Бишкектеги өкүлү Бакыт ажы Кайкиевдер да лекция окуп, ибадат сапарынын маани-маңызына кенен токтолушту.

Айта кетсек, ушул тапта ажылык сапарына даярдыктардын алкагында өлкө боюнча зыяратчыларга багытталган сабактар өтүлүүдө.