Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бишкек шаарында өлкө боюнча Казакстан Республикасында өтүүчү Ⅱ эл аралык Куран жарышына тандоо туру уюштурулду. Бул тууралуу КМДБнын окуу бөлүмүнөн кабарлашты.
«Муфтият тарабынан Куран жарыштарын өнүктүрүү жана эл аралык, дүйнөлүк жарыштарга эң мыктыларды тандап алуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Мындан ары Куран конкурстарына катышууга жалпыга мүмкүнчүлүк түзүү, ачык-айкындаштыруу жана адилеттүү уюштурууга басым жасалат. Бул аркылуу дээрлик бардык каалоочулар өз күчтөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алса, экинчиден мыктылардын мыктысы тандалып алынмакчы», – деп билдиришти уюштуруучуулар.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчүлөр болуп табылды:
1-орун – Умаров Фирдаус – 97,60 балл;
2-орун – Умаров Оятулла – 93,95 балл;
3-орун – Кадыркулов Мухаммадамин – 92,70 балл;
4-орун – Турсунбаев Мухаммадюсуф – 92,30 балл.
Республикалык тандоо турунун жеңүүчүсү Фирдаус кары Умаров Казакстан Республикасында октябрь айында өтүүчү Ⅱ эл аралык Куран жарышына катышууга жолдомого ээ болду.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын бардык казыяттарында 30 пара Куранды толук жатка жана кооз окуу боюнча тандоо туру болуп, андан жеңгени республикалык турга жолдомо утушкан болчу.