Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 11.09.2025
  • |

Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин VI саммити жыйынтыкталды

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны өттү. Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, этнограф Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, түрк дүйнөсүнүн аалым-окумуштуулары жана изилдөөчүлөр катышты.

Саммит алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду:
1) ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын «Исламда үммөт биримдиги» резолюциясы кабыл алынды;
2) ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын жыйынынын алдындагы Фатва Кеңеши кабыл алган фатвалар бекитилди.
3) Климаттын өзгөрүшүн токтотуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маселелерди чечүү жөнүндө чакырык жасалды;

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров тарабынан ТМУга мүчө өлкөлөрдүн кийинки саммитинде үй-бүлө институтун коргоо, камкордук кылуу жана салттуу үй-бүлө баалуулуктарын пропагандалоо, ошондой диний билим берүү жаатында тыгыз кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери сунушталды. 

Иш-чара соңунда жалпы катышуучуларга президенттик сый тамак уюштурулду.

Айта кетсек, эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлдү.