Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 23.07.2025
  • |

Чүй: Баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Бүгүн, 23-июль күнү Азирети Муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев Чүй облусунун казыятын зыярат кылып, баш имам-хатибдерге жыйын өткөрдү. Чогулушка КМДБнын мечит, чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн жаматы, казыяттын аппараты жана райондордун баш имам-хатибдери катышты.

Жыйындын алкагында диний багыттагы иштердин сапатын жогорулатуу, эл менен болгон байланышты күчөтүү, мечиттердин абалын жакшыртуу, калайыкка диний кызматты күчтөндүрүү жана дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин арттыруу боюнча маселелер каралып, тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жыйындын соңунда катышуучулардын суроолору, сунуш-пикирлери угулуп, диний кызматкердин функционалдык милдетин аткаруу зарылдыгы белгиленди.