Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 23.09.2025
  • |

Чүй: ДОЖдордо Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 23-сентябрда Чүй облусунун диний окуу жайларында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил – улуттун руху жана ыйык аманат” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Респуликасынын Дин иштери  жана этностор аралык мамилер боюнча улуттук агенттигинин Чүй облусундагы өкүлү Замирбек Өмурзак уулу, Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, диний окуу жайлардын жетекчилери жана студенттер катышты.

Саамалыктын негизги максаты – жаш муундун Мамлекеттик тилге болгон сый-урматын арттыруу, аны күнүмдүк турмушта колдонууга чакыруу жана кыргыз тилин сактоо менен бирге өнүктүрүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу болду.

Мындан тышкары, мамлекеттик тилди урматтоо коом биримдигин бекемдөөчү жана улуттук руханий байлыктын негизги тиреги экендиги белгиленди.

Иш-чара соңунда, катышуучулар Мамлекеттик тилди ыйык аманат катары сактап, ар бир жаран аны ардактай билүүгө тийиш деген чакырык менен жыйынтыкталды.