Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Махачкала шаарында «Мусулман илимпоздорунун руханий-адамгерчилик баалуулуктарды жана жарандык иденттүүлүгүн бекемдөөгө салымы» аттуу V эл аралык конференция өтүүдө. Илимий саамалыкка КМДБнын атынан Нарын облусунун казысы (өкүл) Эрик ажы Молдокулов катышып жатат.
Эл аралык конференцияга Россиядан сырткары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Эфиопия, Индонезия, Ливия сыяктуу бир канча өлкөдөн окумуштуу-теологдор, мугалимдер, аспиранттар, студенттер, ошондой эле диний, коомдук жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Конференциянын биринчи күнүндө төмөнкү секциялык отурумдар өттү:
1-секция – "Исламдын социалдык-маданий практикасы: институттар, күнүмдүк жашоо жана диний мурастын социалдык функциясы";
2-секция – "Ислам салттарынын философиялык жана антропологиялык негиздери, о.э. жаштар арасында жарандык иденттүүлүктүн калыптанышы";
3-секция – "Диний, руханий жана адеп-ахлактык мурасты жеткирүүнүн филологиялык жана медиа коммуникация аспектилери".
Конференция Дагестан гуманитардык институту тарабынан «Ислам маданиятын, илимин жана билимин колдоо» фондунун жана Дагестан Республикасынын муфтиятынын колдоосу менен уюштурулууда.
Иш-чара коомдун руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын чыңдоого, илимий диалогду өнүктүрүүгө жана мусулман элдеринин бай теологиялык мурасын сактоого багытталган.