Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 22.06.2025
  • |

Дин кызматкерлери арасында “Мухтасар ал-Викоя” жана “Ислам банкинги” боюнча республикалык конкурс өткөрүлдү

Кечээ, 21-июнь күнү “Мухтасар ал-Викоя” жана “Ислам банкинги” китептери боюнча мечит имамдары арасында республикалык конкурс болуп өттү. Конкурс КМДБ, MIslamic жана “Дарак” басма үйү тарабынан уюштурулду. 

“Айтылуу “Мухтасар ал-Викоя” китеби Орто Азия мусулмандарынын арасында өтө маанилүү эмгек болуп саналат. Анда шарият маселелерин кыскартылып, өтө түшүнүктүү методдо берилген. Ал эми “Ислам банкинги” китеби банктагы арам-адал маселелерин камтыган китеп болуп эсептелет. Конкурсрту уюштурууга зор салым кошкон Mislamic жана “Дарак” басма үйүнө терең ыраазычылык билдиребиз”, – деди уюштуруучулардан Жоробай ажы Шергазиев.

Айта кетсек, конкурстун жыйынтыгы 25-июнда чыгарылат.