Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 19.09.2025
  • |

Диний ишмер Тумар ажы Ширахуновдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз!

«Ала-Тоо» медрсесесинин мүдүрү, диний ишмер Тумар ажы Ширахуновдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156).

Урматтуу маркумдун жакындары, дос-санаалаштары. Алла Таалам сиздерге сабыр, күч-кубат берсин. Жараткан маркумду Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын. 

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты 

Маркум тууралуу: Ширахунов Тумар Киргизбаевич 1979-жылы 15-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылында туулган. 1999-2003-жылдары Эл аралык Кувейт университетинде диний билим алган. 2007-2014-жылдары «Расул Акрам» институтунда билимин тереңдеткен. 

Тумар ажы 2003-2004-жылы Эл аралык Кувейт университетинде тарбиячы-стажер болуу менен эмгек жолун баштаган. Ал эми 2007-жылдан ушул мезгилге чейин «Ала-Тоо» медресесин жетектеп келген.