Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 11.03.2025
  • |

Доха: Азирети Муфтий Вакф министрлигин зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Доха шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Катардын Вакф министринин орун басары, доктор Мухаммад Юсрий Ибрахим менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев катышты.

Азирети Муфтий министрлик менен таанышып, Кыргызстан-Катар мамлекеттеринин диний жааттагы байланышын бекемдөөгө токтолуп, аталган өлкөнүн вакф тажрыйбасына кызыкты. Ошондой эле өлкөлөр аралык бир туугандыкты бекемдөө, биргелешкен саамалыктарды өткөрүү жана диний кызматкерлердин квалификациялык билимин жогорулатуу боюнча эркин форматта пикир алышты.

КМДБ жетекчиси жылуу кабыл алганы үчүн Мухаммад Юсрий Ибрахимге ыраазычылык билдирип, Вакф министрлигинин жетекчилигин Кыргызстанга чакырса, министр орун басары Азирети Муфтийге өз калемине таандык китебин жана чакан белектерин тапшырды.