Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунда болду. Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын имамдарына багытталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактагы өкүлү Чагылган Юсупов, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят жамааты, баш имам-хатибдер жана имамдар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий Кадамжай районунун баш имам-хатиби Абдимуталиб ажы Усманов жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиевдин 6 айлык отчётун укту.
Жыйындын жүрүшүндө КМДБ жетекчиси үй-бүлө баалуулуктарын коргоо, зордук-зомбулуктарга каршы агартуу иштерин колго алуу, салттуу ислам болгон матуридилик-ханафиликти сактоо, ысырапкорчулукка каршы иш-аракеттер ж.б. боюнча доклад жасады.
Ошондой эле КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми боюнча маалымат берип, анын алкагында аткарылган демилгелер жана мерчемге ылайык бекитилген жарым жылдык иш-план менен тааныштырды.
«Имам арабча «амаам» – алдыңкы деген уңгудан келип чыгат эмеспи. Михраб – пайгамбардын мурасы. Диний кызматкер өтө жоопкерчиликтүү болуп, өз ишинин акысын бериши керек. Көпчүлүк мечиттерге киши келбей, аңгырап бош калганы, ибадат коломтолорунун ичи-сырты каралбай калганы бизди убайымга салат. Андыктан имамдар, бир силкинип алып, билек түрүнүп жамаатты уюштуруп, мечиттерибизди абад кылышыбыз зарыл», – деп билдирди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
КМДБ жетекчиси өз сөзүндө имамдарга мечиттерди жандуу тутуу боюнча протоколдук тапшырма берип, иши канааттандырарлык эмес айрым дин кызматкерлерине эскертүүлөрдү берди.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактагы өкүлү Чагылган Юсупов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө сөз кылса, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний баяндын форматтары боюнча маалымат берди.
Саамалыкта муфтияттын «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү.
Иш-чара соңунда аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан Жеңишбек Курбан уулу, Мамасабр Абдурахманов, Низамидин Ташиев жана Абидин Авазовдорго Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.