Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 28.05.2025
  • |

Кадамжай районунун имамдарына Ислам каржылоосу боюнча адистештирилген окуу өтүлдү

Баткен облусунун Кадамжай району боюнча жума окулуучу мечит имамдарына карата Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Фатва бөлүмү тарабынан Ислам принциптери боюнча атайын окутуу уюштурулду. Бул иш-чаранын алкагында исламдык каржылоо системасына таандык негизги шарттуу келишимдер жана алардын шарияттык негиздери кеңири түшүндүрүлдү.

Окуунун негизги максаты – имамдардын ислам финансылык инструменттери жаатындагы билимин арттыруу жана аймактагы жарандардын тийиштүү суроолоруна шариятка шайкеш жооп берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болду. Муну менен катар, заманбап каржылык муктаждыктарга жооп берген, бирок шарият нормаларына каршы келбеген механизмдерди элге түшүндүрүүдө диний кызматкерлердин ролу күчөтүлдү.

Сабактарда төмөнкү ислам каржылык келишимдеринин шарияттык негиздери жана колдонуу тартиптери кеңири баяндалды:

-Мурабаха: Товарды үстөк кошуп кайра сатуунун шариятка ылайык формасы. Банктын же каржылык институттун товарды сатып алып, келишилген пайда менен кардарга сатуусу.

-Музараба: Бир тарап капитал, экинчи тарап эмгек (бизнес жөндөмдүүлүк) кошкон шериктештик. Пайда тараптардын алдын ала макулдашылган үлүшү менен бөлүштүрүлөт.

-Мушарака: Эки же андан көп тараптын капитал кошуп бизнес жүргүзүүсү. Пайда макулдашылгандай бөлүштүрүлүп, чыгым капитал үлүшүнө жараша бөлүнөт.

-Салам: Аванс төлөнүп, кийинчерээк жеткирилүүчү продукцияга карата келишим. Айрыкча айыл чарбасында колдонулат.

-Карз: Акча же мүлк түрүндө берилген карыз, аны берүүчү тарап кайтарымынан пайда көрбөйт.

-Карз Хасан: Жакшылык үчүн берилген пайдасыз, аруу ниет менен берилүүчү карыз. Бул – исламдагы кайрымдуулукка жана коомдук жоопкерчиликке негизделген кооз амал.

«Бул сабактар имамдардын диний гана эмес, экономикалык чөйрөдөгү билим деңгээлин да жогорулатып, Ислам каржылоосу (Islamic Finance) жаатындагы заманбап маселелерге туура жана далилдүү жооп берүүсүнө өбөлгө түзөт», – деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Мухамадали ажы Имарали уулу.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын мындай аракеттери өлкөдө шариятка ылайык коомдук аң-сезимди өнүктүрүүдө маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Дал ушул максатта муфтияттын демилгеси менен жер-жерлерде дин кызматкерлерине багытталган ислам банкинги боюнча окуу семинарлары кызуу уюштурулуп жатат.