Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 23.07.2025
  • |

Кадамжай шаарында кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун Баткен облусунун Кадамжай районуна болгон иш сапарынын алкагында муктаж диний кызматкерлерге жана бир катар социалдык аз камсыз инсандарга кайрымдуулук жасалды. Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында орун алган «Аль-Бухари» жума мечитинде уюштурулган иш-чара алкагында Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарындагы аз камсыз жарандарга акчалай жардам көрсөтүлдү.

«Биздин негизги максаттарыбыздын бири кайрымдуулукту өз дарегине жеткирүү болуп саналат. Тагыраагы, элден алынган аманат элге берилет. Андыктан кайрымдуулук кылган замандаштарыбызга дуба кылыңыздар. Бир учур келип, берүүчү кол болууну Жаратканым баарыбызга насип кылсын», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи социалдык жактан аз камсыз диний кызматкерлерге көңүл буруларын, келечекте имамдардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган олуттуу мерчемдер бар экенин, анын механизмдерине учкай токтолуп, имамдарды айлык акы менен камсыздоо Муфтияттын алдыдагы приоритеттүү багыттарынын бири экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун райондорду кыдырууга багытталган иш сапары старт алып, Баткен район-шаарларындагы имамдар менен жеринде жолугушуулары соңуна чыкты.