Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 13.08.2025
  • |

Каир: Азирети Муфтий «Жасалма интеллект доорунда компетенттүү фатваа берүүчүнү даярдоо» аттуу конференцияга катышууда

Бүгүн, 13-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Звкиров жана КМДБнын фатва бөлүмүүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемелеринин башкы катчысы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жасалма интеллект доорунда компетенттүү муфтийди даярдоо» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышып жатат.

Эл аралык конференция Египет мамлекетинин Дин иштери боюнча башкармалыгы (Муфтият) тарабынан уюштурулуп, ага 80 ден ашуун мамлекеттин Азирети Муфийлери, дин аалымдары жана окумуштуулар катышууда. 

Эл аралык конференция төмөнкү максаттарды көздөйт:

Биринчи: Компетенттүү фатва берүүчүнү даярдоо үчүн комплекстүү көз карашты калыптандыруу;
Экинчи: Фатва берүүчү мекемелерди санариптик жактан күчтөндүрүү жана мекеме башкаруусуна жасалма интеллектти киргизүү;
Үчүнчү: Фатва тармагында жасалма интеллекттин чакырыктарына каршы аракеттенүү үчүн ченемдерди белгилөө;
Төртүнчү: Санарип доорго шайкеш келүү үчүн муфтийлердин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү;
Бешинчи: Фатва ишин өркүндөтүүдө жасалма интеллекттин ролун алдын ала аныктоо;
Алтынчы: Жалпы чакырыктарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташууну бекемдөө.

Ал эми секцияларда төмөнкү маселелер талкууланууда:

- жасалма интеллект доорунда илимдүү фатва берүүчүнү калыптандыруу;
- Жасалма интеллект доорунда фатва берүүнүн орду;
- Фатва берүү ишин колдоодо жасалма интеллектти колдонууга моралдык жана этикалык нормаларды өнүктүрүү;
- Фатва берүүчүнүн жасалма интеллекттин чакырыктарына каршы туруудагы орду.