Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Калкты диний маалыматтар менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев жана бөлүмдүн адиси Акылбек ажы Тагаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы “Нумани” борбордук мечитинде жарандар менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – калкты туура диний маалыматтар менен камсыздоо, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөө, зомбулуктун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү жана терс диний агымдардын таасиринен сактанууга чакыруу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жоробай ажы Шергазиев “Үй-бүлө – коомдун пайдубалы” экенин белгилеп, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн бири-бирине болгон мамилесинде сабыр, сүйүү жана урмат негизги орунда турушу керектигин баса белгиледи.
“Үй-бүлө — бул коомдун пайдубалы. Пайдубалы бекем болбогон үй кандай кыйрап калса, баалуулуктар унутулган үй-бүлө да бузулат. Ошондуктан ар бирибиз ыйманды, сабырды, сүйүүнү жана түшүнүктү үй-бүлөнүн өзөгүнө айлантышыбыз керек. Ошондо гана чыныгы бакыт келет,” — деди Жоробай ажы Шергазиев.
Ал эми Акылбек ажы Тагаев жарандарды ар кандай радикалдык жана терс диний агымдардын чакырыктарына алданбоого чакырды.
“Ислам – бул тынчтыктын, боорукерликтин жана ырайымдын дини. Терс агымдардын негизги максаты – коомду бөлүү, ыймандуу жашоону бузуу. Ошондуктан ар бир мусулман илим менен ыйманды тең алып жүрүшү зарыл”,-деди Тагаев.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган диний суроолорго жооп алышты.
Иш-чаранын соңунда жарандар Дин башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан маалыматтык жана агартуу иштерине ыраазычылык билдиришип, мындай жолугушууларды аймактарда үзгүлтүксүз өткөрүп турууну суранышты.