Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Эң жакшыңар — өз үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандар”.
Общество | 11.12.2025
  • |

Каракол шаарында имамдардын билимин жогорулатуу боюнча семинар өтүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында имамдардын диний билимин арттыруу жана тажрыйбасын бекемдөө максатында кары жана аалымдар тарабынан атайын сабак өтүлдү. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде уюштурулду.

Сабак Каракол шаарындагы “Мухтарулло” мечитинде өтүп, ага КМДБнын Ысык-Көл облусунун өкүлү Бакыт ажы Кайкиев, шаар жана район баш имам-хатибдери, ошондой эле облус аймагындагы жалпы имамдар катышты.

Илимий сабактарды КМДБ тарабынан түзүлгөн атайын устаздар курамы өткөрдү. Алар:

Муратали Мамадияр уулу – КМДБнын өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер жана имамдар менен иштөө жана курулуш бөлүмүнүн адиси;

Абдулла Акбарали уулу – Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахси» мечитинин имам-хатиби;

Насрулло Искандаров – Бишкек шаарындагы Куран академиясынын мүдүрү;

Ибрахим Балтабаев – кары.

Сабакта имамдарга тажвид, имамдык адептери, үммөт менен иштешүү маданияты, диний билимди туура жеткирүү жана мечиттердеги тартипти бекемдөө сыяктуу маанилүү темалар кеңири түшүндүрүлдү.

Иш-чаранын соңунда КМДБнын Ысык-Көл облусунун өкүлү Бакыт ажы Кайкиев катышкан устаздарга ыраазычылык билдирип, бул сабак имамдардын билимин жогорулатып, практикалык ишинде чоң пайда алып келерин белгиледи.

Айта кетсек, имамдардын квалификациясын жогорулатууга багытталган саамалык Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдө ислам маданиятын өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминдеги дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган пунктту ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.