Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында муфтияттын демилгеси, Бишкек шаарындагы «Ыйман» мечитинин уюштуруусу менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында «шарият илимдери» боюнча конкурс өткөрүлүп, анда эки жеңүүчүгө умра сапарына жолдомо ыйгарылды.
Иш-чара Ниматулла ажы Рыскуловдун жетекчилиги алдында уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын сабак жана баян өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө катышуучуларга тапшырмалар берилип, конкурс жыйынтыгында 2 айым умра сапарына сертификат утуп алды.
Умра сапарына сертификат жеңип алган катышуучулар:
Ахметова Жанара;
Исмаева Зухра.
Бул иш-чарада дин баалуулуктары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ишарат тили аркылуу түшүндүрүлүп берилди. Умра сапарына сертификат алган катышуучулар күтүүсүз белекке абдан кубанып, уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Айта кетсек, КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин диний билим алуусун шарт түзүү боюнча бир катар иштер аткарылып келет.