«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы медиа студиянын башкы режиссёру Абдулдаев Руслан Чыныбекович «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алды. Сыйлыкты кечээ, 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тапшырды.
Көп жылдардан бери телеканалдарда иштеп, кыргыз маданиятына салым кошкон Руслан Абдулдаевдин наам алышы менен кызуу куттуктап, мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз.
КМДБнын эмгек жамааты