Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 27.10.2025
  • |

КМДБ менен Пробация департаментинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 27-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Бул документке ылайык, эми мекемелер адашкан жарандарды коомго интеграциялоо жана салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуу багытында тыгыз кызматташат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун аталган департаменттин директору Данияр Калматов менен жолугушуусунда кеңири талкууланды. 

Жолугушуудан соң Пробация департаментинин өкүлдөрү Муфтияттын жарандарды диний маалымат менен камсыздоо (фатва) бөлүмү жана анын алдындагы колл-центрдин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. 

Айта кетсек, Пробация департаменти динди жамынган экстремисттик багыттагы жарандар менен иш алып барат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө соттор тарабынан тыюу салынган 21 террористтик жана экстремисттик уюм бар.