Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 06.10.2025
  • |

Красный-Речкада жаңы мечит ачылып, пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красный-Речка айылында жаңы мечит ачылып, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.

Ыйман ордосу болгон куттуу жайдын ачылышына Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев катышып, мечиттин абад болушуна тилектештигин билдирди.

«Ыйык Курандын Тообо сүрөсүндө «Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон адам курат» деп айтылган. Демек мечитти жөн адам курбайт. Ал эми пайгамбарыбыздын хадисинде, «Ким Алла Тааланын ыраазылыгын ойлоп мечит курса, Алла Таала да ал үчүн бейиште дал ошондой үй курат» деп билдирилген. Дагы бир хадисте момун кишиге көзү өткөндөн кийин дагы амалынан жана соопторунан жетип бара турган нерсе: үйрөтүп жана тараткан илими же артынан калтырган жакшы, уулу же мурас катары калтырган Куран китеби же курган мечити, же мусапырлар үчүн курган үйү, агызган суусу, же соо жана тирүү кезинде чыгарган садакасы ага өлгөндөн кийин дагы жетип турары айтылат. Андыктан, урматтуу момун-мусулмандар! Жергебизде ушундай сонун мечиттердин курулушу өтө жакшы көрүнүш. Эми ушул мечиттерибизди кароосуз калтырбай, ибадаттарды аткарып, абад кылышты баарыбызга насип этсин», – деди ал өз сөзүндө.

Аталган мечиттин эсептик каттоодон өткөнүн КМДБнын мечиттер, курулуш-чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмү билдирди.