"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 30.07.2025
  • |

Куран жарышы: Ош облусу боюнча тандоо туру өткөрүлдү

Кечээ, 29-июль күнү Ош облусунун аймагы боюнча 30 пара Куранды толук жатка айтуу жана тажвид эрежелери менен окугандар арасында тандоо туру өткөрүлдү.

Тандоо туру боюнча катышуучуларды Абдималик ажы Турсунбеков, Жолболду Абдижалал уулу жана Абдусами кары Бекмуратовдон турган комиссия карап чыгып, мыкты деп табылган эки карыга Бишкекке жолдомо берилди.

Зайнобидинов Мухаммадмубий – Ноокат району

Турсунбаев Мухаммадюсуф – Кара-Суу району

Айта кетсек, Ош облусунан тандап алынган карылар республикалык деңгээлде дагы тандоо турунан өтүп, мыктылары кошуна Казакстан Республикасында өтүлүүчү Куран жарышына катышууга барышат.