Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 31-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы «Таба» ЖЧКнын колдоосу менен ыйык Медина шаарына 25 имамды тил үйрөнүү максатында жөнөттү. Имамдар кыска мөөнөттүү окуу курсунда араб тил боюнча билимин өркүндөтүп, нурдуу Мединадагы тарыхый жайларды зыярат кылуу менен биргеликте умра ибадатын өтөп кайтышы күтүлүүдө.
Дин кызматкерлерин узатуу саамалыгында Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев колдоо көрсөткөн «Таба» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине жана директоруна ыраазычылык билдирип, имамдарга ак жол каалады.
«Бүгүн сиздер өтө улуу сапарга аттанып турасыздар. Бир эле мезгилде зыярат, ибадат жана илим коштолууда. Бул сиздердин өмүрүңүздөрдөгү өтө маанилүү учур. Андыктан бир айды өтө сарамжалдуулук менен пайдаланыңыздар. Жакшы барып, сак-саламат кайтып келишиңиздерди Жараткандан тилеп калабыз», – деди Азирети Муфтийдин орун басары.
Талантбек ажы Темирбаев имамдарды узатууга Азирети Муфтий өзү катышууга ниет кылганын, бирок сапарга байланыштуу жетише албай калганын билдирип, анын саламын жеткирди.
Ал эми Муфтияттын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Нуркамал кары Мизираимов өлкөнүн 7 дубан, 2 шаарынан тандалып алынган 25 дин кызматкери Мединага тил үйрөнүү максатында жөнөтүү демилгеси буга чейин колдоо тапканын белгилеп өттү.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдөгү ислам маданиятын жогорулатуу жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатуу, имамдардын профессионалдуулугун арттыруу, чет өлкөлөргө окууларга жана тажрыйба алмашууга жөнөтүү сыяктуу пункттар бар болчу.