Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 02.09.2025
  • |

Кыргызстанда алгачкы жолу ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин саммити өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны өтөт. Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулиев, Өзбекстан мусулмандары Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназар, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусу күтүлүүдө. 

Ошол эле күнү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алдында «Сиражуддин ал-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» атттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтмөкчү. 

Ал эми 10-сентябрь күнү, Азирети Муфтийлердин саммитине утурлай ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын жыйынынын алдындагы фатва кеңешинин отуруму өтмөкчү. 

Айта кетсек, эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда.