Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (саллаллаху алейхи васаллам) туулган айына арналган “Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) — жаратылыштагы эң улуу үлгү” аттуу мавлид кечеси өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы Диний агартуу башкармалыгынын башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунун казылары, КИУнун окутуучусу жана дин аалымы Олжобай ажы Алимбеков, ошондой эле облустагы район-шаарлардын баш имам-хатибдери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, айыл имамдары жана студенттер катышты.
Мавлид кечеси Куран окуу жана дуба менен башталып, жыйындын ачылышында Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) туулган айынын маанисин белгилеп, анын үммөткө калтырган ыймандык жана адептик мурасын эскерүү — ар бир мусулман үчүн милдет экенин айтты.
Андан соң КМДБ кызматкери Абибилла ажы Кадырбердиев “Пайгамбарыбыздын үмөткө калтырган мурасы” аттуу баяндамасын жасап, Аллахтын Элчисинин (с.а.в.) сүннөтү, акыйкаттыкка чакырыгы жана адамзатка үлгү болгон сапаттары тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Анын баяндамасы катышуучулар тарабынан зор кызыгуу менен угулуп, Пайгамбарыбызга болгон сүйүүнү жана урматты тереңдетти.
Абибилла ажы өз сөзүнүн соңунда мавлид кечесин уюштурууда колдоо көрсөткөн облустук жетекчиликке жана Манас шаардык мэриясына ыраазычылык билдирип, Жалал-Абад шаарынын Манас шаары болуп өзгөрүшү менен жалпы элди куттуктады.
Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев казылардын атынан сөз сүйлөп, мавлит кечесин жогорку деңгээлде уюштурган Жалал-Абад облусунун казыятына ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралардын башка аймактарда да өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Ал эми дин аалымы, КИУнун окутуучусу Олжобай ажы Алимбеков “Пайгамбарыбыздын адамзатты таң калтырган кулк-мүнөзү” темасында баян айтып, Пайгамбарыбыздын сабырдуулугу, боорукердиги жана адептүүлүгү ар бир мусулман үчүн жашоо үлгүсү болушу керектигин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков уюштуруучуларга, колдоочуларга жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Аллах Тааладан эл-журтка тынчтык, биримдик жана береке тиледи.
Мавлид кечесинин экинчи бөлүгү Манас шаарындагы “Аалым Мусулманкул ажы” мечитинде улантылып, анда Куран окулуп, Пайгамбарыбызга арналган даңктоо саптары айтылды. Катышуучулар ыйман жана руханий кубат алып, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жашоосунан үлгү алуу зарылдыгын дагы бир ирет эскеришти.
Бул мавлид кечеси Пайгамбарыбыз Мухаммадды (с.а.в.) эскерүүгө, анын сүннөтүн жашоодо колдонууга жана ыйманды бекемдөөгө багытталган берекелүү иш-чара болуп өткөнүн аймактык өкүлчүлүктөн кабарлашты.