Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын делегациясы Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарына болгон иш сапарынын алкагында ажылыкка байланыштуу маанилүү мекемелер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Алгач делегация Saudi German Hospital – Makkah медициналык мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, анда зыяратчыларга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, алдын ала текшерүүлөр жана расмий медициналык документтерди даярдоо процесстери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.
Делегация мындан соң ажылык учурунда кыргызстандык ажыларга кызмат кылуучу Rawaf транспорттук компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда ажыларды шаар аралык жана шаар ичинде, анын ичинде Харам мечитине ташуу, коопсуздук чаралары жана график маселелери талкууланып, тиешелүү маселелерди талкуулашты.