Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 12.11.2025
  • |

Мекке: Азирети Муфтий вакфтар боюнча Координациялык комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган кыргыз делегациясы Мекке шаарында Орто Азия жана Түркстан вакфтарынын Координациялык комиссиясынын штаб-квартирасында жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда 2026-жылдагы ажылык мезгилинде кыргызстандык ажылардын жайгашуусуна байланышкан маселелер талкууланды.

Вакф мүчөлөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына кыргызстандык ажылар үчүн 4300 орун бөлүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул чечимге ылайык, кыргызстандык ажылар Меккедеги кайрымдуулук Вакф мейманканаларында акысыз жатакана менен камсыз болушат. Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров мындай колдоо үчүн Вакф өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. 

Бул демилге Алланын ыраазычылыгы үчүн жасалып жаткан саамалык экенин баса белгиленди.

Ошондой эле КМДБ бардык жарандарга Меккедеги кыргызстандык ажылар үчүн уюштурулган кайрымдуулук жана Вакф мейманканалары тууралуу маалымат берүү иштерин жүргүзөт.

Айта кетсек, аталган жолугушууга 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган штаб мүчөлөрү жана аймактык вакфтар боюнча Координациялык комиссиянын өкүлдөрү катышты.