Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев баштаган аалымдар ажылыкка келген мекендештерге ажылык ибадатынын фазилети жана аткарылышы жөнүндө сабактарды өтүүдө. Сабакта ажылыкка келген кары-картаң жамаатташтарга кызмат кылууга, ысырапкерчиликтин алдын алууга жана Мекенге, эл-журтка дуба кылуунун зарылдыгына өзгөчө басым жасалууда.
Сабактардын алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жеңишбек Курбанов Мекке шаарындагы 1-2-3-4-жатаканаларда жайгашкан мекендештерге ажылык ибадатынын аткарылышынын шарияттык тартиптери жөнүндө сабак өтүп, суроолорго жооп берди.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин дагы бир мүчөсү Асан ажы Сыргабаев да кыргызстандык ажыларга сабак өтүп, ажылыктын пазилети, шарияттык тартиптери жана мусулмандардын ортосундагы ынтымак жөнүндө баалуу насааттарын айтты. Аны менен катар ысырапкорчулуктун алдын алуу, ыйык жерде убакыттын жана дубанын баалуулугу, мусулман катары коомго үлгү болуунун зарылдыгы жана жоопкерчилиги тууралуу ислам дининин баалуулуктары жөнүндө кеңири кеп козгоду.
Айта кетсек, ажылык амалына даярданып жаткан кыргызстандыктар бүгүнкү күндө Мекке шаарында 13 мейманканага жайгаштырылды. Алар ажылык күндөрүнө кызуу даярданышууда.