«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Общество | 12.01.2026
  • |

Муфтият 2026-жылды Нарк жана үй-бүлө жылы деп жарыялады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалагы үстүбүздөгү жылды «Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө жылы» деп жарыялады. КР Президентинин Улуттук нарк жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыктарын аткарууга багытталган документке Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду. Эми муфтият, анын өкүлчүлүктөрү, райондук-шаардык хатибияттар жана ДОЖдор жыл бою ушул багытта иш алып барат.

«Учурубузда улуттук нарк менен ислам наркын каршы коюп, эл ичинде бүлгүн салууну көздөгөн атайын топтор бар. А ислам дини улуттук баалуулуктарга жана нарк-насилге эч кандай каршы эмес. Эгерде үрп-адаттар исламдын негизги принциптерине каршы келбесе, анда динибиз аны колдойт. Колдомок түгүл далил катары кабыл алат. Ошондой эле «жумшак күч» аркылуу салттуу үй-бүлө институтуна каршы ар кандай аракеттер, чабуулдар жасалууда. Айрыкча, «аял укугу» деген ярлыкты жамынып, түпкүрүндө үй-бүлө очогуна системалуу жана үзгүлтүксүз түрдө кыйраткыч сокку уруп келе жаткан тараптар бар. Алар «Кайын журтка кызмат кылба», «күйөөңө чай куйба», «төрөбө» ж.б. деген ураандар менен тузак куруп, түздөн-түз жана кыйыр түрдө үй-бүлөлөрдү кыйратып келгени маалым. Мындан сырткары, коомдогу агрессия жана сабырсыздык да үй-бүлө коломтосуна өз кедергисин тийгизип, көптөгөн түгөйлөр бири-бирине зулумдук кылууда. Ушунун айынан кээ бир сабырсыз эркектер чыр-чатактын айынан алмончоктой аялынын өлүмүнө себеп болуп калууда. Мына ушунун баарын эске алып, улуттук наркты жана үй-бүлөнү коргоону башкы планга коюп жатабыз. Алла насип кылса, ушул жылы нарк-насилди жана үй-бүлөнү коргоого катуу басым жасайбыз», – деп билдирди Азирети Муфтий коллегиялык жыйында.

КМДБ жетекчиси нарк жана үй-бүлө абдан баалуу институттар экенин айтып, ислам баалуулуктарынын бири экенин кошумчалады.

Айта кетсек, кош баалуулук болгон улуттук жана диний дөөлөттөрдү сактоо жана үй-бүлө институтун коргоо Азирети Муфтийдин ислам маданиятын өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде бекилген болчу. Ага ылайык, 2024-жылы Азирети Муфтий «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу иш сапары менен 7 дубан, 2 шаар тургундары менен жолугушууларды өткөргөн. Анда салттуу ислам баалуулуктары, нарк жана үй-бүлөнү коргоо, Мекенди сүйүү боюнча лекциялар окулуп, театралдашкан спектаклдар менен коштолгон. Ал эми узап бараткан 2025-жылы КМДБ жетекчиси өлкөдөгү ар бир районго иш сапар менен чыгууну баштап, хатибияттардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, жергиликтүү дин кызматкерлерине улуттук нарк жана исламий дөөлөттөрдү сактоо боюнча тапшырмаларды берген. Ошондой эле башкармалыктын «Нарк» долбоору старт алып, туура диний түшүнүктү – ханафилик-матуридиликти жайылтуу, диний ибадаттарды чагылдыруу, үй-бүлө институтун бекемдөө, жакшылыкты жана кайрымдуулукту даңазалоо, этностор аралык достукту бекемдөө, ата-энеге жана Мекенге кызмат кылуу, коомду улутмандыкка, адеп-ахлакка жана илим-билимге шыктандыруу боюнча атайын роликтер жана кыска метраждуу тасмалар тартылууда.