"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 07.04.2026
  • |

Муфтияттын адал бөлүмү Аламүдүн жана Ысык-Ата имамдарына атайын тренинг өткөрдү

Бүгүн, 7-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын адал бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусуна караштуу Милянфан айылында Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун имамдары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун алкагында дин кызматкерлерине тамак-аш коопсуздугу, адал стандарттары жана адал тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу тренинг уюштурулду. Ошондой эле мал союлчу жайлар, чакан өндүрүштүк компаниялар жана коомдук тамактануу жайларындагы адал талаптарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Айрыкча, күнүмдүк турмушта адалга көңүл буруу, азык-түлүктүн курамын текшерүү, эт кайдан келип жатканы, кандай шартта союлуп жатканы сыяктуу маанилүү темалар кеңири түшүндүрүлдү.

Тренинг активдүү суроо-жооп форматында өтүп, имамдар өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жооп алышты. Мындай жолугушуулар адал маданиятын жайылтууда жана коомчулуктун аң-сезимин жогорулатууда чоң роль ойнойт.

Адал — бул жөн гана белги эмес, бул жоопкерчилик жана ишеним!