"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 08.04.2026
  • |

Мурзахатам максым Ариповдун дүйнө салганына байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз!

60 жыл бою имамдык озуйпаны аркалап, ардактуу эс алууга чыккан Мурзахатам максым Ариповдун 78 жашында дүйнөдөн кайтканына байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, жоро-жолдошторуна жана жакындарына муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Көңүл айтуу тексти:

“Ислам динине берилүү менен кызмат кылып, өмүрүн арнаган кадырлуу дин кызматкери Мурзахатамдын дүйнө салганына байланыштуу суук кабарды оор кабыл алдык. “Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156). “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбия, 35).

Мурзахатам максымдын динге кылган ат көтөргүс эмгеги элет элининин эсинде кала берет.

Кадырлуу маркумдун жакындары! Алла Таала сиздерге сабыр, күч-кубат жана кайрат берсин. Ал эми маркумду Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын».

Маркум тууралуу:

16 жашынан тарта дээрлик 60 жыл имамдык кылган Мурзахатам максым 1948-жылдын 15-мартында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында туулган. Суфизмге ыктаган Мурзахатам атанын диний сабаты өз атасы Ариф дамладан ачылган. Мырзахатам максым Баткен облусунун Кадамжай районундагы ардактуу аксакалдардын бири эле. Өткөн жылы Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров аймакка жасаган сапарларынын биринде улуу муун аалым-молдолорун зыярат кылуу иш-мерчеминин алкагында Мурзахатам максым менен жолугуп, батасын алган болчу.

Жаназасы бүгүн, 8-апрель күнү саат 17:00 дө окулат.
Дареги: Баткен облусу, Кадамжай району, Ак-Турпак айыл өкмөтү, Жаңы-Жер айылы.

Муфтиятpress